Кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу атайын программа бекитилерин айтты өкмөт башчы

Кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу өкмөт Тажикстан менен бирге атайын ири программа иштеп чыкканы жатат. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 21-майдагы жыйынында билдирди. Айтымында, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. 

“Маданият, спорт, чек ара маселелери боюнча ири программа бекитилет. Чек ара маселеси боюнча Баткенге барып келдим, көйгөй көп. Эл менен тыгыз иштешүү зарыл болуп турат. Былтыр парламенттин тапшырмасы менен чек арачылардын айлыгын көтөрдүк. Бул тармакка бюджеттен акча көбүрөөк бөлүндү”,- деди премьер.

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан