Кыргызстан быйыл электр энергиясын экспорттоону токтотту. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 21-майдагы жыйынында билдирди. Айтымында, өкмөт электр энергиясын импорттоого муктаж. “Жалпы 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алышыбыз керек. Ушу тапта бул маселе боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- деди өкмөт башчы.
Оторбаев бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 9 миллиард 84 миллион метр куб суу бар экенин кошумчалады.
Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.