Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров айрым министрлердин телефон чукулап отурушун сынга алды. Өкмөттүн отчёту каралып жатканда бардык катышуучулар жыйынга көңүл коюп отурушу керектигин айтат депутат.
“Айрым министрлер телефондорунан оюн ойноп же бирөөлөр менен сүйлөшүп отурушат. Муну менен мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп жатышат жана депутаттарга урматсыздык көрсөтүшүүдө. Ар бири жыйында айтылып жаткан сөздөргө көңүл буруп отурушу шарт. Булардын телефондорун эшиктен кирип келе жатканда эле алып коюш керек”,- деди Зулпукаров.
Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.