Депутаттар Токтогул суу сактагычына канча суу кирип-чыгып жатканын күндө угуп турууну сунушташууда. Муну депутат Кожобек Рыспаев айтып чыкты. “Бакиев кеткенден кийин Токтогул суу сактагычында суу 18 миллиард метр кубга чейин жетти эле. Бүгүн эмне үчүн аз? Эмне үчүн бул боюнча бир да чиновник жооп бербейт? "Суу сатылып жатат" деген маалыматтар айтылууда. Суу сактагычка канча суу кирип-чыгып жатканын күндө алып турууга мүмкүнчүлүк бар го”,- деди депутат.
ЖКнын жыйыны бүттү. Өкмөттүн отчётун угууну депутаттар эртең, 22-майда улантышат.