Кыргызстанда жергиликтүү соттордун бир катар судьялары мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Тийиштүү жарлыктарга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Кызматтарынан бошотулушкан судьялар төмөнкүлөр:
Калтарбек Кадыров, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы;
Камчыбек Илиязов, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы;
Талант Жулдашев, Ош шаардык сотунун судьясы;
Закир Максутов, Ош шаардык сотунун судьясы.
Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.