Токтогул суу сактагычында быйыл суунун аз болушунун негизги эки себеби бар. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 22-майдагы жыйынында билдирди. “Биринчи себеби – былтыр кыш оор болуп, Токтогул ГЭСи толук кубаттуулукта иштеди. Экинчи себеби - кургакчылык мезгил башталды. Энергетика тармагындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн быйыл электр энергиясын экспорттоону токтоттук. Тажикстандан электр кубатын импорттоону пландап жатабыз”,- деди премьер.
Маалыматка таянсак, 600 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоо жагы каралууда.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.