Бишкек шаардык кеңешинде вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын депутаттык мандаты КСДПдан депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки талапкер Адиса Имангазиевага берилди. Адиса Имангазиеваны бүгүн, 22-майда шаардык кеңештин 12-сессиясында шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов депутаттар менен тааныштырды.
Айта кетсек, Эльвира Сариева жакында социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган.