Бишкекте коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду тууралуу эл аралык конференция болот

Бишкекте 2014-жылдын 9-10-июнь күндөрү “Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аталышындагы эл аралык конференция болот.

Аталган конференцияны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети жана президенттин аппараты менен коррупцияга каршы парламентчилердин дүйнөлүк GOPAC уюму биргеликте өткөрүшмөкчү.

Максаты – Жогорку Кеңештин депутаттары менен Орусия, Казакстан, Молдова, Грузия, Монголия, Индонезия, Канада, Йемен жана башкалар кирген GOPAC`га мүчө-мамлекеттердин парламентарийлеринин ортосунда пикир алмашуу.

Ага президент Алмазбек Атамбаев, төрагасы Асылбек Жээнбеков, башкы прокурор Аида Салянова, парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Индонезиянын Өкүлчүлүк палатасынын спикери Марзуки Али, Коррупцияга каршы парламентчилердин дүйнөлүк уюмунун (GOPAC) аткаруучу директору Акааш Махараджи, Коррупцияга каршы парламентчилердин дүйнөлүк уюмунa мүчө-мамлекеттердин парламентарийлери жана ошондой эле эл аралык эксперттер катышат.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан