Парламентте депутаттар өлкө түштүгүнө газ бербей жаткан Өзбекстанга суу маселеси менен жооп берүүнү сунушташууда. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге депутат Исхак Пирматов сунуш кылып, газ боюнча түзүлгөн кырдаалды мисал келтирди. “Биздин кайрылууларга расмий Ташкент жооп бербей жатканы айтылды. Муну менен алар тоготпогондук кылууда. Урматтуу өкмөт башчы, сиздин колуңузда рычаг жок болсо бир жөн, бирок андай эмес. Суу ресурстарыбыз бар, аларга жооп кайтарсак болот. Кыргыз эли баарынан намысты өйдө койгон. Дипломатия да чеги менен болот, анча-мынча камчы колдонуп жүрүңүз”,- дейт Пирматов.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.