Депутаттар өкмөт башчыга айрым министрлерди кызматтан алууну сунушташты

Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге айрым министрлерди кызматтан алууну сунуштады. Депутаттын билдиришинче, эл премьер-министрден чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. “Коррупциялык иштерге барган министрлерге чара көрбөсөңүз болбойт. Батукаев маселеси, энергетика тармагындагы абал боюнча эл сиздин чечимиңизди күтүп жатат. Чек арадагы кырдаал боюнча парламенттин чыгарган чечими аткарылбай жатат. Баткенде жашагандар “эгер бизди коргой албасаңар, үй-жайыбызды тажиктерге сатып, Чүйгө же Бишкекке көчүп кетели” деп жатышат. Бул маселе боюнча кескин чечимдердин кабыл алынышын эл сизден күтүүдө”,- деди депутат. 

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан