Депутаттар өкмөткө кайрымдуулук фонддору менен кызматташуу саясатын караштырууну сунуш кылышты
Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова өкмөткө кайрымдуулук фонддору менен кызматташуу саясатын караштырууну сунуш кылды. Анын билдиришинче, учурда 3000ден ашуун кайрымдуулук фонддору иш алып барат. Бирок бул кайрымдуулук боюнча өкмөттүн позициясы белгисиз экенин айтат депутат. Бир катар курулуш объекттерин куруп жаткан кайрымдуулук фонддору менен салык сындуу айрым маселелерден преференция берип, кызматташуу саясатын карап көрүүнү сунуш кылды.