Сайдулла Нышанов, депутат: “Кытайга эт азыктарын экспорттоо боюнча өкмөт даярдык көрүшү зарыл”

Кытайга эт азыктарын экспорттоо боюнча өкмөт даярдык көрүшү зарыл. Мындай пикирин депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат жакында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Кытайга иш сапарга барып келгенин, иш сапар жемиштүү болгонун айтып, Кыргызстандын эт азыктарын Кытайга экспорттоо боюнча саясий жагдайлар сүйлөшүлгөнүн маалымдады. “Өкмөт этти экспорттоо боюнча лаборатория куруу, сертификат алуу маселелери боюнча даярдыктарды көрүүсү зарыл”,- дейт депутат.

Нышанов айыл чарбасындагы Суу чарба департаменти, токой чарбасы сындуу бир катар кызматтардын кызматкерлеринин маяналарын жогорулатуу зарылдыгын да белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан