Асылбек Жээнбеков “өлкө түштүгүнүн газсыз калышын көп чуу кыла бербейли” деди

Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков “өлкө түштүгүнүн газсыз калышын көп чуу кыла бербейли” деди. Газ тармагында мындай кырдаалдын түзүлүп калышы боюнча өкмөттөн катачылык кеткенин айткан төрага “Буюрса, бул кырдаалдан да чыгабыз. Көз карандысыз болуш үчүн ушул кадамды басып өтүү керек болчу” деди. 

Төрага газ маселесин чечүүгө өкмөт бардык күчүн жумшап жатканын белгиледи.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун “канааттандырарлык” деп тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан