Депутат Айнуру Алтыбаева жаңы экономикадагы аялдардын орду жөнүндөгү эл аралык форумга катышууда
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Астана шаарындагы “G-CLOBAL: жаңы экономикада аялдардын орду” аталышындагы аялдардын эл аралык форумуна катышууда. Муну бүгүн, 22-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Эки күндүк форумдун алкагында “Аялдардын саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү”, “Борбордук Азиядагы жана Ооганстандагы аялдарды орду” деген темалардын тегерегинде талкуулар болот. Ошондой эле ишкер аялдардын "ASIA" бизнес-ассоциациясынын тегерек столу жана белгилүү бизнес-тренерлердин мастер-класстары болору айтылды.