Депутаттар өкмөттү Кыргызстандын бардык аймактарына бирдей кароого чакырышты  

Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева өкмөттү Кыргызстандын бардык аймактарына бирдей кароого, мамлекеттик бюджеттин каражатын калыс бөлүүгө чакырды. "Мисалы, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар тизмесин алалы. Айрым райондорго 30 миллион сомго чейин берилсе, Тоң районуна 700 миң сом гана бөлүнүптүр. Мындай кош көңүл мамиле нааразылыктарды жаратат", - дейт депутат. Иманкожоева Чолпон-Ата шаарынын суу каналынын азыркы абалына токтолду. "Шаарды суу менен камсыз кылуу көйгөйү барган сайын күчөп жатат. Мурдагы өкмөт башчы суу каналды оңдоо жаатында 200 миң сом бөлүүгө убада кылган. Азыркы өкмөт да шаар көйгөйүн чечүүнү унутпашы керек",- деп кошумчалады ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан