КСДПнын лидери: “Электр энергиясынын баасын көтөрүү аракети бардык жарандарды тынчсыздандырууда”

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңеш жыйынында электр энергиясынын баасын жогорулатуу маселеси республиканын бардык жарандарын тынчсыздандырып жаткандыгын айтты. Айтымында, элдин турмушу менен түздөн-түз тиешеси болгон электр кубатынын тарифин жогорулатуудан мурун эмгек акылар жыл сайын индексацияланып турушу керек. Жыл сайын инфляциянын өзгөрүшүнө жараша элдин эмгек акыларын дагы көтөрүп туруу зарыл экенин кошумчалады. Турсунбеков региондордун жаштарынын билимдүү болушун шарттаган жогорку окуу жайларга колдоо көрсөтүүнүн ордуна аларды жоюп коюу туура эместигин белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан