1-ноябрда Нарын
шаарынын борбордук аянтында айыл чарба жарманкеси өттү.
Жарманкеде ар түрдүү тамак- аш, жер-жемиш, өсүмдүктөр, дан азыктары шаар
тургундарына жана конокторуна базар баасынан арзан баада тартууланды. Саат 9:00дө башталган жарманке 14:00дө аяктап, уландысы Нарын музыкалык академиялык драма театрынын фойесинде болду. Көрүүчүлөр
айыл элинин кол өнөрчүлүгүнө күбө болушуп, кыргыздын улуттук буюмдарын сатып
алышты.