Жогорку Кеңеште Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча өкмөт менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосунда насыялык макулдашуу каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабековдун айтымында, узундугу 199 чакырым жол биринчи кезекте инвестиция тартыла турган эл аралык маанидеги жолдордун бири. Долбоорго Талас шаарынын негизги жолу да кошо камтылып, жолдун курулушу кийинки жылы башталмакчы.
"Алгачкы эки фазанын 75 чакырымы "Ислам" өнүктүрүү банкынын насыя каражатына калыбына кетирилип бүткөндүктөн, эми анын акыркы бөлүгү каржыланганы жатат. Бул багытта "Сауд" өнүктүрүү фонду 10 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлүүдө",- дейт баяндамачы.