Кыргызстанда балдарын багуудан качкан ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлгөнү жатат

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексине, Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизилгени жатат.

Мыйзам долбоору менен жашы жете элек балдарды багуудан качкандыгы үчүн ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү, ишке жарамсыз ата-энесин багып-кароодон качкан балдардын жоопкерчилигин административдик айып пулду 3 эсе көтөрүү жолу менен күчөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жолдонду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан