Тайырбек Сарпашев өкмөт жыйынына катышпаган инспекция башчысы Азизбек Шакировду сынга алды

Бүгүн, 22-майда бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүк жыйын өтүп жатат. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Азизбек Шакировдун жыйынга катышпаганын сынга алды.

Шакировдун орун басары инспекция жетекчиси Ак үйдө жүргөнүн билдирди.

“Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге аны (ред. А.Шакировду) жумуштан кетирем деп көрсөтмө киргизгенимден бери тынчы кетип жатыптыр. Эмне, Ак үйдөн “крыша” издеп жүрөбү? Бүгүн көрдүм, ага кимдер “крыша” экенин. Керек болсо бийликтин кадырын сиздер түшүрүп жатасыздар”,- деди Сарпашев.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Тайырбек Сарпашев Азизбек Шакировду кызматтан бошотуу жөнүндө премьер-министрге көрсөтмө киргизгенин айткан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан