Жогорку Кеңеште Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча өкмөт менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосунда насыялык макулдашуу 1-окууда кабыл алынды.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабековдун айтымында, узундугу 199 чакырым жол биринчи кезекте инвестиция тартыла турган эл аралык маанидеги жолдордун бири. Долбоорго Талас шаарынын негизги жолу да кошо камтылып, курулуш иши кийинки жылы башталат.