Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында 2013-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Депутат
Каныбек Иманалиевдин айтымында, өкмөткө аталган уюм 13,5 миллион доллар каражат бөлүүдө.
"Бул акчага ФАПтарга, ооруканаларга медициналык жабдуулар сатылып алынат",- деп билдирди.
Макулдашууну ратификациялоого каттоодон өткөн 91 депутаттын баары "макул" деп добуш берди.