Жогорку Кеңеш: Ата-энесин багуудан качкандарга жазаны күчөтө турган мыйзам кабыл алынды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Башкача айтканда, Кылмыш-жаза кодексине, Үй-бүлө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди.

Мыйзам жашы жете элек балдарды багуудан качкандыгы үчүн ата-эненин жоопкерчилигин, ишке жарамсыз ата-энесин багып-кароодон качкан балдардын жоопкерчилигин административдик айып пулду 3 эсе көтөрүү жолу менен күчөтөт.

Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан