Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутаттар “Курманжан датка” фондунун тегерегиндеги кырдаалды талашып-тартышууда. Айта кетсек, депутат Жылдыз Жолдошова негиздеген бул коомдук фонддун айланасында буга чейин парламентте бир нече талаш-тартыш чыккан. Депутаттар Ысык-Көлгө “Курманжан датка” комплексин куруу үчүн фондго бюджеттен 52 миллион акча бөлүнүп, анын максатсыз жумшалганын айтып чыгышкан. Бүгүнкү жыйында алар “Өкмөттүн мурунку токтомунда “комплекс курулуп бүткөндөн кийин өкмөткө өткөрүлүп берилет” деп турат. Бүгүн комплекс курулуп бүтө элек. Эмне үчүн шашылыш түрдө өкмөткө өткөрүп бергени жатасыңар?” деп кызыгышты.
Жылдыз Жолдошова буга төмөнкүдөй жооп берди: “Комплекске инвестор таппай койдук, анткени кайрымдуулук фондуна инвестор келбейт экен. Банктан насыя ала албай койдук”.
Депутаттар аталган комплексти курууга бюджеттен 52 миллион сом бөлүнгөнүн, бирок 20 миллион сомдук да иш бүтпөгөнүн айтып чыгышты.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев жеке фондго мамлекет эмне үчүн акча бөлгөнүнө кызыкты. “Мисалы, Ооган согушунун катышуучусу катары мен да коомдук фонд түзгөм, бирок мага өкмөттөн акча бербейт. Эмне үчүн бул фондго акча берген? Жер фонддун карамагында, бюджеттен акча бөлүнүп, комплексти мамлекет куруп жатат. Бул эмне дегендик? Анда биздин фондго да жер берип, мамлекет эстеликтерди куруп берсин”,- деди Рыспаев.
Айта кетсек, аталган комплекске бөлүнгөн жер Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилгени жатат.