Эртең, 23-майда КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов “Министр байланышта” деген акцияга катышат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министр акциянын алкагында Түндүк-Түштүк кошумча жолунун курулуш иштери тууралуу маалымат берет. Ошондой эле ММКлар аркылуу коомдук уюмдардын жана жөнөкөй жарандары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берет.