Президент Алмазбек Атамбаев «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.
«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 126-берене менен толукталды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде жыйым алынат. Жыйым алуунун тартиби жана өлчөмү Жогорку Кеңеш менен макулдашуусу боюнча өкмөт тарабынан аныкталат.
Кабыл алынган мыйзам менен киргизилип жаткан жыйым жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого багытталат.
Өкмөттүн 2013-жылдын 17-декабрындагы N675-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык, өлкөнүн аймагына киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 1500 сом өлчөмүндө төлөм алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн эсептөөлөр боюнча, бир жылда чогултулчу төлөмдөрдүн суммасы 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.