Каныбек Иманалиев Дүйнөлүк банктын жана Немис өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-майда Дүйнөлүк банктын башчысы Асли Гуркан жана Немис өнүктүрүү банкынын аймактык директору Томмас Лемман менен жолугушту. 

Иманалиев Жогорку Кеңештин иши, анын эл аралык мамилелерди бекемдөө аракети боюнча маалымат берди. Өзү жетектеген комитет жыл башында өлкө аймактарында көчмө жыйын өткөрүп, парламент тарабынан ратификацияланган макулдашуулар менен келишимдердин алкагындагы эл аралык долбоорлордун ишке ашышы менен жеринде таанышканын айтты.

Делегация мүчөлөрү комитет жана парламенттин ратификациялоо аркылуу эл аралык макулдашуулар менен келишимдерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү иш алып барып жатканын айтышты. "Жолугушууда аталган эки банк тарабынан каржыланган долбоорлор боюнча пикир алышуу болду",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан