Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева студенттер менен жолугушту

Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. 

Кыргыз фемидасынын башчысы Феруза Жамашева студенттердин суроолоруна жооп берип: “Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем, маектешип жатып келечектеги Жогорку Соттун төрагасы, башкы прокурор, ички иштер министри, юстиция министри сиздердин араңыздарда отургандыгына толук ишенем” - деп баса белгиледи. 

Институттун директору Жаныбек Бокоев төрайымга ыраазычылыгын билдирип, окуу жайдын белгиси менен китептерди белекке тартуулады.

Мындан тышкары Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева студенттерди Жогорку Соттун расмий сайты менен тааныштырып кетти. Ал эми sot.kg интернет-ресурсу менен USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот системин бекемдөө боюнча программасынын улук кеңешчиси Айбек Давлетов тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан