Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-майда "Курманжан датка" комплекси жайгашкан жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Маселе депутаттардын арасында кызуу талкуу жаратты. Айрым депутаттар аталган комплекс жайгашкан жер айыл өкмөтүнүн карамагында экенин айтып, жердин бир бөлүгүн жергиликтүү бийликке кайтарып берүүнү сунушташты. Депутат Мурадыл Мадеминов аталган комплекстеги тарыхый инсандардын тизмеси боюнча нааразычылык билдирди. "Тарыхый 11 адамдын эстелиги жасалыптыр. Эмне үчүн Нүзүп бий, Полот хан, Алымкул аталык сыяктуу инсандар тизмеде жок?" деп суроо салды депутат. "Курманжан датка" фондунун негиздөөчүсү, депутат Жылдыз Жолдошова "тизмени мен түзгөн эмесмин, адистер караган" деп кутулду.