Алмазбек Атамбаев Үрүмчүдөгү терактка байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Бүгүн, 22-майда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Үрүмчүдөгү адам өмүрүн алган терактка байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты.

"Үрүмчү шаарында көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн кайгысын тең бөлүшүп, жараат алгандардын тезирээк айыгып кетишин каалайм" деп айтылат Кытайдын төрагасына жолдогон телеграммада.

Эске салсак, 22-майда эртең менен саат 08:00 чамасында Кытайдын Үрүмчү Синьцзян-Уйгур автономдуу округунда жардыруу болуп, андан 31 адам каза болгон. Ал эми жаракат алгандардын саны 90го жеткени айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан