Ташполот Балтабаев Баткен облусунун башчысына министр статусун берүү сунушталып жатканын айтты

"Чек ара аймагындагы жашоочулардын социалдык маселелерин чечүүгө олуттуу көңүл буруп, экономикалык жактан колдоого алынбаса, жылма экспансия күчөгөндөн-күчөй берет. Чек араны чек арачылар гана эмес, ошол аймактагы жергиликтүү эл дагы туруктуу коргоп келет. Ошондуктан аларга талаптагыдай шарт түзүлүшү керек",- деди депутат Ташполот Балтабаев 22-майда "Парламент" радиосундагы түз эфирде.

Депутат "Ата Мекен" фракциясы Баткен облусундагы абалды эске алуу менен "КР Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамга түзөтүү сунуштаганына токтолду. "Анда өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Баткен облусунун иштери боюнча министри макамына да ээ болушу керектиги белгиленген",- дейт Балтабаев.

"Мындай түзөтүү менен Баткен облусунун жетекчиси башка облус жетекчилеринен айырмаланып, өкмөттүн саламаттыкты сактоо, эмгек мамилелери, каржылоо, айыл чарбасы сындуу маселелерге байланышкан жыйындарына катышып, Баткен аймагынын көйгөйлөрүн коюп, добуш берүү укугуна ээ болот",- деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан