Дамира Ниязалиева Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева 21-23-май күндөрү Астана шаарында өтүп жаткан "Астана экономикалык форумуна" катышууда. Иш-чараларга дүйнөлүк саясаттын, бизнестин, ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары менен көрүнүктүү окумуштуулар катышып жатканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары экономиканын инновация, бизнес, тоо-кен, энергетика чөйрөлөрүндөгү акыркы иштеп чыгуулар менен макулдашуулар жаатында пикир алышты. Жолугушуулар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде тыгыз кызматташуу максатында кесипкөй байланыштарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк жаралганы айтылды.

Дүйнөнүн 150 өлкөсүнөн 10 миңдей адам катышып келген бул форум эл аралык ири форумдардын бири. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан