Бизнесмендер мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү мөөнөтү сакталбай, аларга коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтышууда. Бул тууралуу 22-майда Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин отурумунда экономика министри Темир Сариев билдирди.
Айтымында, бизнесмендерге карата басымды азайтуу керек.
“Текшерүүгө тийиштүү органдар гана келбей, башка жактар да келип жатканын айтышууда. Буга байланыштуу ишкерлерге карата басымды азайтуу керек”,- деди Сариев.
“Өкмөт алдында маанилүү милдеттемелер бар. Аларды ишке ашырууда мамлекет менен бизнестин ортосунда ачык иш-аракет болушу керек. Мындай нерселерге каршы тийиштүү жоопкерчилик каралышы кажет”,- деп кошумчалады министр.