Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бүткүл Кытай Элдик кеңешинин төрагасы Чжан Дэцзянга Үрүмчү шаарындагы теракттын кесепетинен көп курмандыктар болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Төрага Асылбек Жээнбеков өзүнүн жана ЖКнын депутаттарынын атынан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүн жеткирип коюуну өтүндү.
Белгилей кетсек, 22-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00 чамасында Үрүмчүдөгү базарга эки машина келип, жарылуучу заттарды ыргыткан. Мындан улам өрт чыгып, анын кесепетинен 31 адам каза таап, 90 адам жаракат алган.