Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын 23-майдагы жыйыны жабык эшик артында өтүүдө. Фракциянын бүгүнкү жыйынында төмөнкү маселе каралууда:
"Кыргызстанга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө Сирия кагылышуу зонасынан эл аралык террористтик уюмдарынын согушчандарынын аймактагы коомдук-саясий жана диндик жагдайларды туруксуздаштырууга багытталган жана диверсиялык-террордук акцияларды уюштуруу максатында келүүсү активдүү болуп жаткандыгына байланыштуу "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамын тез арада кабыл алуу".
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев кайрылганы айтылды.