Бүгүн, 23-майда Ош шаарында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат.
Анда фракция лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарында 100 миңден ашуун жаран каттоого турбай жашап жатканын айтты.
"Бишкекте 100 миңден ашуун адам каттоосу жок жашайт. Алар ооруканага барса кабыл алышпайт, каттоодо турган районуна жиберет. Бирок ооруп калган адам баары бир биринчи кайрылган ооруканага жатат. Аялдарды төрөтүүдө төрөт үйлөрү кабыл албайт. Бирок ымыркай баары бир ошол төрөтканада жарыкка келет. Мына коррупциянын башталышы",- деди Текебаев.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары катышууда.