Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы "Кыргыз тамекиси" мамлекеттик ишканасын жоюу сунушун колдоду. Мындай чечим фракциянын 23-майдагы жыйынында кабыл алынды. Ишкананы жоюу демилгеси Экономика министрлиги менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун анализдерине негизделгени айтылып, фракция мүчөлөрү колдоого алышты.