Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийинки 2-3 жылда кыйынчылыктар болот. Муну бүгүн, 23-майда КСДП фракциясынын жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирип, биримдикке кирүүнүн оң жана терс жактарына токтолду.
“Былтыр биздин адистер Бажы биримдигине кирүүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери боюнча изилдөө жүргүзүштү. Жыйынтыгында биримдикке кирүүдөгү тобокелчиликтерди азайтуу үчүн атайын программа түзүү керектиги айтылган, көп тараптуу программа даярдалат”,- дейт министр.
Сариев биримдикке киргенден кийинки 2-3 жылда экономикалык кыйынчылыктар болорун белгиледи.