Наталья Никитенко: "Билим берүү министрлиги мектепке барбаган балдардын так санын билбейт"

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо маселеси бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште өткөн коомдук угууда талкууланды. Парламент депутаты Наталья Никитенко Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясында “балдар тартылган жумуштун эң жаман формасы” түшүнүгү аныкталгандыгын белгиледи. “Балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзам ченемдерин аткарууга көзөмөлдүк кылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга бекитилген. Баяндамада социалдык жетимдердин саны тууралуу маалымат дагы киргизилиши зарыл. Мындай балдар жумуштарда иштөөгө аргасыз болгондуктан, окууга мүмкүнчүлүктөрү болбой калууда. Ошентип, балдардын билим алууга укугу чектелүүдө”,- дейт Никитенко. 

Депутаттын билдиришинче, Билим берүү жана илим министрлигинде да, Улуттук статистикалык комитетте да мектепке барбаган балдардын саны боюнча так маалымат жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан