“Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу 2017-жылдын соңунда жыйынтыкталат”,- деп билдирди бүгүн, 23-майда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Бишкекте өткөн тегерек столдо.
Айтымында, кошумча жол курулуп бүткөндөн кийин эски жолдорду оңдоо планы бар.
“Кошумча унаа жолунун биринчи фазасы ишке кирип, иштеп жатат. Кийинки фазаларды насыя алынган соң ишке киргизебиз. Бул жолдор сөзсүз 2017-жылдын аягында бүтөт. Ал бүтсө, биз эскилиги жеткен жолдорду реконструкциялоо ишине өтөбүз”,- дейт Султанов.
Министр карыз алуунун эч кандай коркунучу жок экенин айтты.
“Биз үчүн жолдордун курулушу - негизги иш. Карыз алуунун коркунучу жок, биз эле карыз алып жаткан жокпуз. Биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 40 пайызынан ашпайт. Бул нормалдуу эле нерсе. Алган кредиттик карыздар өлкө эсебинен төлөнөт”,- деп кошумчалады министр.