КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев баш болгон делегеция Вашингтон штатына учуп кетишти. Делегация аталган штат менен кызматташтыкты түзүү максатында Вашингтон штатынын бийлиги тарабынан жөнөтүлгөн чакыруу аркылуу кетишти.
Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандан барган өкүлдөр Винатчы шаарындагы музейде өтүүчү кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсүнүн ачылышына катышышат. Ошондой эле Вашингтондун Челан аймагы жана Левануорт шаарынын жетекчилиги менен жолугушушат. Мындан сырткары штаттык университеттеги окутуучулар жамааты, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү ишканасынын, гидроэлектростанциясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлөт. Бул тууралуу 23-майда Ысык-Көл облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.