Анкара шаарында бүгүн, 23-майда Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча биринчи отурум болуп өттү. Анда 2014-жылдын 3-июнунда өтүүчү Стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин үчүнчү отурумуна даярдыктар талкууланды.
Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө тармагында талкуу болду. Тараптар 2013-жылдагы товар алмашуунун динамикасы жакшы жышаан экенин белгилеп өтүштү.
Мындан сырткары КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев М.К.Ататүрктүн элесине арнап Аныткабир күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.