Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолукту

Кечээ, 23-майда Анкара шаарында жүрүп жаткан сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Э.Абдылдаев эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлде турганын белгиледи. Бул контекстте ал үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Анкара шаарында боло турган Стратегиялык кызматташтыктын Жогорку кеңешинин 3-жыйынынын өткөрүлүшү, Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо багытындагы кезектеги эң маанилүү кадам катарында бааланып жатканын баса белгиледи.

Түркия Республикасынын Президенти А.Гүл өз тарабынан Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда ишеним кылынган мамилелер түзүлүп калганын баса белгилеп айтты. Бул багытта ал эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо максатында эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун ортосунда мындан да жакын байланыштарды колдоону сунуш кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан