Кечээ, 25-майда өткөн Украинадагы президенттик шайлоодо Пётр Порошенко жеңишке жеткени жарыяланды. Үч экзит-поллдун берген маалыматы боюнча, ал жалпы шайлоочулардын 56 пайыз добушун жыйнаган. Атаандашы Юлия Тимошенко 12 пайыздан ашык добуш топтогон.
Пётр Алексеевич Порошенко – украиналык коомдук жана саясий ишмер, жеке ишкер, миллиардер. Украина Радасынын 7-чакырылышынын элдик депутаты, фракциясыз.
Ал 1965-жылдын 26-сентябрында Украинанын Одесса облусунун Болград шаарында туулган.
1989-жылы Киев мамлекеттик университетиндеги эл аралык мамилелер жана эл аралык укук факультетинин эл аралык экономист адистиги боюнча аяктаган.
1990-1991-жылдары “Республика” аттуу чакан мекемелердин жана жеке ишкерлердин биримдигинин башчысынын орун басары.
1991-1993-жылдары “Украина биржалык үйү" ишканасынын башчысы.
1993-1998-жылдары “Укрпроминвест” украиналык өнөр-инвестициялык концернинин башчысы, “Ленин кузнясы” ишканасынын президенти, “Мрия” банкынын кеңешинин жетекчиси, "Винницк" кондитердик фабрикасынын Байкоочу кеңешинин жетекчиси.
1998-жылы Жогорку Раданын депутаты. Партиясыз эл өкүлү Украинанын социал-демократиялык фракциясына кирген.
2000-жылы аталган фракциядан чыгып, “Солидарность” партиясын жетектеп баштаган.
2001-жылы оппозицияга өтүп, Ющенкону колдоп баштаган. "Аймактар" партиясынын негиздөөчүсү катары белгилүү.
2002-жылы "Биздин Украина" партиясына мүчө болуп кирген.
2005-жылы Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешин жетектеп, коррупциялык иштерге байланыштуу кызматтан алынган.
2006-жылы Жогорку Радада Каржы жана банк ишмердүүлүгү боюнча комитетти башкарган.
2007-2012-жылдары Украинанын Улуттук банкынын төрагасы болуп эмгектенген.
2012-жылы Украинанын экономикасын жана соодасын өнүктүрүү министри болуп дайындалган.
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.