Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 2-июнда парламенттик угуу өткөрөт. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Парламенттик угууда "КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу системин оптимизациялоо" деген тема талкууланат.