Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы 28-29-май күндөрү Ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Муну бүгүн, 26-майда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн өткөрүлө турганы айтылды. Анда студенттер мекеменин иш процесси менен таанышып, "Мамлекеттик кызматка кантип орношуу керек?" жана "Мамлекеттик кызматкердин укугу жана милдети" деген темадагы угууга катышышат. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга мамлекеттик кызмат тармагы боюнча компьютердик тестирлөөдөн өздөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилмекчи.