Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алган бул мыйзам министрликтердин, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун коомдук кеңештеринин ишмердүүлүгүн калыптандыруу тартибин регламенттейт жана мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишине коомдук мониторингди ишке ашыруу үчүн механизмдерди түзүүгө, чечимдерди кабыл алуу, анын ичинде мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу учурунда мамлекеттик органдар коомдук пикирди эске алышына багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.