Президент Алмазбек Атамбаев "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" КРнын мыйзамы 126-берене менен толукталды. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде жыйым алынат. Жыйым алуунун тартиби жана өлчөмү Жогорку Кеңеш менен макулдашуусу менен КРнын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кабыл алынган мыйзам менен төлөм алуудан түшкөн акча жаратылышты коргоо иштерине багытталат. Өкмөттүн тийиштүү токтому менен бекитилген Кыргызстандын аймагына чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаалары киргенде, чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 1500 сом төлөм алынат. Өкмөт жүргүзгөн эсептөөлөр боюнча бир жылда чогултулчу төлөмдөрдүн суммасы 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.