Өкмөт башчы Жайыл районунун акими кылып Турусбек Ногоевди дайындады

Чүй облусундагы Жайыл районунун акими болуп Турусбек Ногоев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 26-майда билдирди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. 

Турусбек Ногоев:

1970-жылы Чүй облусунун Жайыл районунда туулган.

Эмгек жолун куруучулуктан баштап, бир топ жыл билим берүү тармагында эмгектенген.

5 жыл А.С.Макаренко атындагы мектеп-гимназияны жетектеген.

Буга чейин Жайыл районунун акиминин орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан