Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында "Балдар - биздин бактыбыз" аттуу бир айлык жарыяланды. Муну Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысынын тийиштүү токтомуна ылайык, шаардагы бардык ооруканалар балдарды акысыз текшерүүдөн өткөрүшөт. Жакыр үй-бүлөдөгү балдарга материалдык жардам берилип, 1-июнь күнү сейил бактардагы аттракциондор алар үчүн акысыз болот. Мындан сырткары шаарда фестивалдар, спорттук мелдештер уюштурулары айтылды.